ЖМК: «Киевдеги аскердик бөлүктө жардыруу болду, себеби такталууда»

Борбор калаадагы Шулявкадагы аскер бөлүгүндө жардыруу болуп, анын себептери такталууда. Бул тууралуу «Укринформ» Киев шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Андрей Крищенкого шилтеме берүү менен жазды. 

«Аба соккусу же артиллериялык аткылоо болушу мүмкүн»,- деп жазылат маалыматта. Крищенконун айтымында, Троещинадагы ЖЭБ коркунучта эмес. Ошол эле маалда Крищенко көпүрөлөрдүн бузулушу боюнча азырынча маалымат жок экенин айтты.