Жогорку Кеңештин жыйынында 2025-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокуратуранын отчеттук маалыматы угулду.
Маалымат менен башкы прокурор Максат Асаналиев тааныштырды. Талкуу маалында депутаттар отчеттуулук мезгилинде Башкы прокуратура тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жасагалганын белгилешип, айрым көйгөйлөргө токтолушту.
Алсак, депутат Гуля Кожокулова экология тармагындагы мыйзам бузуулардын алдын алуу жана жаратылышты коргоо иш-чараларын күчөтүү керектигине көңүл бурду. Эл өкүлү белгилегендей, экологиялык маселелер менен экоактивисттер алектенип, ал эми тармактык министрликтин аракеттери жетишсиз болууда. «Министрликтин иши негизинен мониторинг жүргүзүү менен чектелүүдө. Учурда жаратылышты коргоо, калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, Ысык-Көлдү жана башка тоолуу көлдөрдү сактоо, абанын булганышы көйгөйүн чечүү өтө актуалдуу», – деген Гуля Кожокулова жаратылышты коргоо прокуратурасынын ишин кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Өз кезегинде башкы прокурор Максат Асаналиев бул демилге президенттин колдоосу менен ишке ашырылып жатканын, прокуратура органдарынын түзүмүндө жаратылышты коргоо прокуратурасын түзүү боюнча тиешелүү чечим даярдалып жатканын билдирип: «Бул үчүн 30 штаттык бирдик бөлүндү», – деген башкы прокурор аталган түзүмдүн мерчемделген иш багыттарына токтолду.
Андан тышкары, депутат Улукбек Карыбек уулу Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү жана балдардын укуктарын коргоо багытындагы жигердүү ишин белгилеп, бул багыттагы чараларды мындан ары да күчөтүүгө чакырса, эл өкүлү Жамиля Исаева мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен социалдык объектилерди мамлекетке кайтаруу боюнча прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан чараларды тактады. Буга башкы прокурор Максат Асаналиев отчеттук мезгил ичинде жалпы суммасы 4 миллиард сомду түзгөн 72 объект мамлекетке кайтарылганын маалымдады.
Өз кезегинде депутат Эльвира Сурабалдиева уюшкан кылмыштуу топтордун, УКМКнын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды. Ал эми депутат Талайбек Масабиров Конституциянын 105-беренесине ылайык «Прокуратура органдары кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат» деп белгиленгенин жүйө келтирип, прокуратура органдарына тергөө функцияларын кайтарууга байланышкан маселени тактады. Муну менен катар эл өкүлү Чолпон Эсенаманова жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын саны өсүп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирип, бул багытта комплекстүү чараларды көрүү керектигин айтты.
Депутат Камила Талиева үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштү күчөтүү маселесин ортого салып, айрыкча, Башкы прокурордон 4-апрелде Жал кичи районунда катталган кайгылуу окуя боюнча объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алууну өтүндү. Депутат Дастан Бекешев прокуратура органдарында ротация жүргүзүү, кадрдык тазалоо керектигин белгилеп, айрым кызматкерлер ишкерлерге карата айыптоо корутундуларын чыгарган учурларды жүйө келтирди. Депутат Салтанат Аманова Кыргызстанда тоголок жетимдер жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар 16 жашка толгондо турак жай же жер тилкесин кезексиз алууга укуктуу экенин айтып, бул ченемди толук кандуу ишке ашыруу тууралуу сөз кылды.
Жыйынтыгында 2025-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын отчеттук маалыматы эске алынды.