Жогорку Кеңеш: «Депутат Аида Исатбек кызынын Гүлшайыр Садыбакасовага карата мындан башка жеке таарынычы жок»

Депутат Аида Исатбек кызынын Гүлшайыр Садыбакасовага карата мындан башка жеке таарынычы жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

«Жогорку Кеңештин депутаты элдин өкүлү катары калк тарабынан айтылган көйгөйлөрдү көтөрүп, алардын чечилишине көмөк көрсөтөт. Алсак, депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин Ош шаарындагы көчмө жыйынынын алкагында Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын абалы менен жеринде таанышкан.  Ага ылайык, аталган маданий жайдагы жагдай тууралуу парламентте кеп кылып, 22 жылдан бери башкарып келе жаткан жетекчилиги боюнча пикирин билдирген. Тагыраагы, ырдын пири Рыспайдын атын алып жүргөн филармониядагы шартты жакшыртуу менен маданий жайдын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү максатында гана маселени көтөргөн. Депутат Аида Исатбек кызынын Гүлшайыр Садыбакасовага карата мындан башка жеке таарынычы жок. Андыктан, айтылган пикирди туура кабыл алып, 22 жылдан бери жетектеп келе жаткан филармонияны өнүктүрүү жаатында жигердүү иш алып барат деген ишеничте.

Албетте депутаттар бардык конструктивдүү сындарды угууга даяр. Калктын көйгөйүн көтөрүп чыгууда айтылган пикир айрым адамдарга жакпашы анык. Бирок депутат Аида Исатбек кызы өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттеги жана коомдогу көйгөйлөрдү ачык айтып, аларды чечүү багытында ишин жигердүү уланта берет»,- деп айтылат маалыматта.

7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Ош облустук филармониясынын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо керектигин айткан. «Жетекчи 2000-жылы шайланып, 22 жылдан бери иштеп келе жатыптыр. Ушул жылдан бери тешилип калган полду, урап жаткан дубалды оңдосо болот беле?» — деп суроо салган ал.

9-декабрда Гүлшайыр Садыбакасова пост жазып, айтылган сынга жооп берип, 22 жылдан бери жасаган эмгегин санап, депутаттын андан кечирим сурашы керектигин айткан.