Жогорку Кеңеште 5 депутаттык топ түзүлдү. Топко кимдер кирген жок?

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында беш депутаттык топ түзүлдү.

  1. «Ата Журт» депутаттык тобу. Курамына 18 эл өкүлү кирди. Лидери Нурланбек Азыгалиев болду.
  2. “Мекенчил” тобуна 19 депутат кирди. Лидери Кундузбек Сулайманов болду.
  3. “Элдик” депутаттык тобуна 18 эл өкүлү кирди. Лидери — Акылбек Түмөнбаев.
  4. “Адилет Кыргызстан” — 14 депутат, лидери — Нурбек Сыдыгалиев.
  5. “Ала-Тоо” тобуна 15 депутат, лидери Жанар Акаев болду.

Депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Эрулан Кокулов жана Болот Ибрагимов эч бир топко кирбегенин айтышты.