Жогорку Кеңеште ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу көйгөйлүү маселелер талкууланды

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында республикада ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу көйгөйлүү маселелер боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулду.

Жыйында аталган маселе боюнча Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Кудайбергенов, Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев баяндама жасашты.

Талкуу маалында өлкөнүн суу ресурстарын эффективдүү башкарууга байланышкан көптөгөн маселелерге көңүл буруп, Бишкекте жана борбор калаанын жаңы конуштарында суунун жетишсиздигине алып келген факторлорго жана себептерге кызыгышты. Муну менен катар эл өкүлдөрү суунун жетишсиздигинин терс кесепеттерине тынчсыздануусун билдиришти.

Алсак, депутат Дастан Бекешев эсептегичтерди орнотуу, суу түтүктөрүнүн начарлашы жана Бишкек шаарындагы суунун тартыштыгын чечүү боюнча маселелерди көтөрүп, Бишкек мэриясы бул көйгөйлөрдү өз алдынча чече албастыгын жана аны чечүү үчүн Министрлер кабинетинин колдоосу керектигин белгиледи. Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев суунун деңгээли кескин төмөндөп кеткенин, бул көйгөйдү чечүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, суу түтүктөрүнүн эскилиги 70 пайызды түзөт.

Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев бул маселени чечүүгө Бишкек мэриясында каражат жетишсиз экенин, суу алгычтарды курууга жер берүү маселесин да чечүү зарылдыгын белгиледи. Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев кошумчалагандай, кошумча скважиналарды бургулоо үчүн “Баш-Карасуу” суу алгыч курулмасынын аймагын 4 гектарга, “Сельский” — 3 гектарга жана “Контррезервуар” — 4 гектарга кеңейтүү зарылдыгын айтты.

Депутат Максатбек Сарбагышев Бишкек шаарындагы суунун деңгээлин, суу сактагычтардагы суунун көлөмүн, скважиналардын санын так өлчөө маселесин көтөрдү. Депутат Тазабек Икрамов Бишкектеги суунун таңкыстыгынын чыныгы себептери боюнча маселе көтөрдү. Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев Бишкекти суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгыч курулмасы экенин, суунун тартыштыгы “Орто-Алыш” башкы суу алгычында жер астындагы суунун деңгээлинин төмөндөшүнөн улам келип чыгып жатканын ырастады.

Ошондой эле депутаттар Ырысбек Атажанов жана Дастанбек Жумабеков жаңы суу пайдалануучуларды туташтыруу демографиялык абалды эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.

Депутат Улан Примов суунун тартыштыгына байланыштуу кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, Бишкек шаардык мэриясынын бул багыттагы ишинин жетишсиздигинен мындай көйгөй жаралганын белгиледи. Ал бул көйгөйдү чечүү үчүн мэриянын активдүү иш алып баруусу маанилүү экенин айтты. Өз кезегинде Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев мэрия Баш-Карасуу суу алгычынын аймагын кеңейтүү демилгесин үч жылдан бери активдүү көтөрүп жатканын билдирди.