Жогорку Кеңештин алдында казиного каршы акцияга өтүп жатат

Жарандык активисттер бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына кумарканаларды мыйзамдаштыруу мыйзамына каршы митингге чыгышты.

Жарандык активист Жылдыз Шакекова казинолорду мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам элге каршы экенин, бул мыйзамды кабыл алууда көйгөйлөр жараларын билдирди.

«Бул мыйзамда онлайн казиного уруксат бар, массалык маалымат каражаттарында, радиодо жана телевидениеде жарнамалоого да уруксат. Мунун бардыгы социалдык зор проблемаларга алып келет. Бюджетти толтуруунун дагы көптөгөн жолдору бар. Муну дагы экономикалык жолдор менен жасаса болот, ошондо биз коомдун гүлдөп-өсүшүнө жетише алабыз, башкача айтканда, мультипликативдик эффект болот», — деди ал.