Жогорку Кеңештин депутаттары айым кесиптештерин майрамы менен куттукташты

Жогорку Кеңештин 7-марттагы жыйынында депутаттар Аялдардын эл аралык күнү менен кесиптештерин куттукташты.

Жогорку Кеңештин төрагасынын куттуктоосун вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев окуп берди. Ал депутаттардын атынан белектерди тапшырды. Депутат Мирлан Самыйкожо да аялдарга арналган ырын окуп берди.