Жогорку Кеңештин жыйыны Түркияда каза болгондорду эскерүү менен башталды (видео)

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Түркияда жер титирөө катталганын айтып, 5 миңден ашык адам каза болгонун билдирди.

«Биз парламенттин атынан Түрк парламентине көңүл айтуу жолдодук», — деген төрага жыйынды 1 мүнөттүк эскерүү менен баштады.