Жогорку Кеңештин комитети порнографиялык сайттарга кирүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин комитети порнографиялык сайттарга кирүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасады. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору менен порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контент деген түшүнүктү аныктоо жана коомдун моралдык жана этикалык баалуулуктарын коргоо үчүн мындай мүнөздөгү контентти интернет мейкиндигинен таратууга тыюу салуу, аны интернет аркылуу тараткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.

Талкуу учурунда депутаттар Арсланбек Эгембердиев, Русланбек Жакышов интернет аркылуу порнографиялык контентти тараткан маалымат ресурстун ээлерин жоопкерчиликке тартуунун конкреттүү механизмдери кандай болот деп сурашты.

Депутат Алишер Эрбаев айрым беренелер боюнча сунуштарын берди. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды. Мындан тышкары комитет «Уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө», «Ыкчам-изилдөө иши жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда жактырды.