Жогорку Кеңештин комитетинде ЖМК жөнүндө мыйзам долбоор каралды

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда каралып, өтпөй калды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу мыйзам долбоору тууралуу маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору маалымат коопсуздугун камсыз кылууга, конституцияда белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын сөз эркиндигине, басма сөз эркиндигине, маалымат алуу жана жайылтуу укугун жүзөгө ашырууга, ошондой эле көз карандысыз, жоопкерчиликтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү ЖМКларды түзүүгө салым кошо ала турган Кыргыз Республикасынын ЖМКга байланыштуу мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган.

Талкууда депутат Гуля Кожокулова колдонуудагы мыйзам 27 беренеден, ал эми сунушталып жаткан мыйзам долбоору 55 беренеден турганына токтолуп, экөөнүн кандай айырмасы бар деп сурады. Чыңгыз Эсенгул уулу сунушталган долбоордо 1992-жылы кабыл алынган мыйзамда жок жаңы түшүнүктөр, жаңы медиа, аккредитациялоо механизмдери жана башка терминдер жазылганын айтты. Депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунун 17-21-беренелери боюнча суроолорду берип, жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо жана мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн жараксыз деп табылышынын критерийлерин так аныктоо зарылдыгын белгиледи.

Депутат Нурланбек Азыгалиев жаңы мыйзам долбоорун кабыл алуунун максатка ылайыктуулугу тууралуу пикирин билдирип, жаңы терминдерди жана түшүнүктөрдү киргизүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен гана ишке ашарын айтты. Ал мыйзам долбооруна өз сунуштарын бере турганын белгиледи. Депутат Дастанбек Джумабеков колдонуудагы мыйзам мындан 32 жыл мурун кабыл алынганын, бул аралыкта технология өсүп, блогерлер, медианын жаңы түрлөрү пайда болгонун белгиледи. Ошол эле учурда депутат Дастанбек Джумабеков мыйзам долбоору конституциянын нормаларына каршы келбеши керектигин кошумчалады. Депутат Жанарбек Акаев бул мыйзам долбоорусуз эле өлкөнүн мыйзамдарында журналисттердин жоопкерчилиги боюнча ченемдер бар экенин баса белгиледи. Ал мыйзам долбоорундагы ЖМКларды мамлекеттик каттоо жана аккредиттөөгө байланыштуу бир катар беренелерге өзгөчө көңүл буруп, документ толук кандуу иштелип чыгышы керек деди.

Медиа-эксперт Акмат Алагушев да учурдагы мыйзамда жоопкерчилик жөнүндө нормалар бар экенин белгилеп, ЖМКларды мамлекеттик каттоо боюнча сунушталып жаткан беренелерге токтолду.