Жогорку Кеңештин төрагасы УКМКнын төрагасы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен 21-июлда түшкөн сүрөтүн соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Жайдын аптабында Ала-Арча капчыгайын аралап… Бийик тоолор, асман тиреген карагайлар, шаркырап аккан суу өзгөчө керемет… Мындай жаратылыш, мындай табият дүйнөдө жок… Элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болуп, өлкөбүз өнүгө берсин!» деп жазылат билдирүүдө.