Жогорку Кеңештин төрагасына 3 орун басар шайланды

Бүгүн, 17-декабрда ант берген жаңы депутаттар Жогорку Кеңештин төрагалыгына Нурланбек Тургунбек уулун шайлашкан. Андан соң, төраганын орун басарлары шайланды.

Алар Чыңгыз Ажыбаев (биринчи вице-спикер), Жылдыз Таалайбек кызы жана Карим Ханжеза болду.