Жогорку окуу жайлардын окуу акысы арзандабайт

Жогорку окуу жайлардын башкы каржы булагы бул – окуу акысынан түшкөн акча. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Акыйкат Баймуратова билдирди. Анын айтымында, орточо окуу акысы 28 миң сомдун тегерегин түзөт, анын 70 пайыздан ашууну мугалимдердин айлыгына, калганы окуу жайдын чыгымына жумшалат. Өлкөдөгү бардык студенттердин дээрлик 85 пайызы келишим менен билим алгандар болуп саналат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров онлайн-режимге өтүү менен мугалимдердин санын кыскарбаганын жана алардын айлыгы азайбаганын кошумчалады. “185 миң студентке 17 миңдей мугалим сабак берет. Анын баары аралыктан окууга өткөн учурда ишин токтотуп койгон эмес”, — деди министрдин орун басары.

Буга чейин 30 университеттин 3 миңдей студенти жогорку окуу жайларга окуу акысына байланыштуу бойкот жарыялары маалым болгон. “Биз 2020-2021 окуу жылынын төлөмүнө 50 пайыздык жеңилдик кылып берүүнү суранабыз. Эгерде бизге көңүл бурушпаса, анда митингге чыгып, ачкачылык жарыялайбыз”, — дешкен студенттер.