Жогорку окуу жайларга кабыл алуу онлайн түрдө жүргүзүлөт

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу онлайн түрдө жүргүзүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Билим берүү министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди. 

Ал 2020-жылдан тарта Кыргызстандын ЖОЖдоруна кабыл алуу 2020.edu.gov.kg бирдиктүү порталы аркылуу жүргүзгөнүн эске салган. «Ага катталуу үчүн абитуриент ЖРТ сертификатынын номерин жана паспортун киргизиши керек. Текшерүүдөн кийин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодо көрсөтүлгөн телефон номерине сиздин жеке кабинетиңизге кирүү үчүн логин жана пароль менен билдирүү жөнөтүлөт», — деди Айнура Асан кызы.

Анын айтымында, жеке аккаунттарга кирүү мүмкүнчүлүгү 5-июндан кийин ачылат. «Азыр порталдан университеттер, багыттар тууралуу маалымат менен таанышууга болот», — деп кошумчалады ал.