ЖОЖдордогу контракттар эмне үчүн кымбаттап кетти? Министрдин жообу

Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева түз эфирде жарандарды кызыктырган суроолорго жооп берди. Ал өзүнүн жообунда эмне үчүн ЖОЖдорун окуу акысы көтөрүлүп кеткенин түшүндүрдү.

«Акыркы 3 жыл бою ЖОЖдордо окуу акысына болгон бааларга мороторий киргизилген. 3 жылдан бери өлкөнүн экономикасы өстү, айлык да, пенсия да көтөрүлдү. ЖОЖдо окуу баасы өтө төмөн болбошу керек. Эң алдыңкы баа 300-500 доллардын тегерегинде болуп келген. Ошол эле учурда жеке менчик мектептерде 5-15 миң долларга чейин төлөп балдарын окутуп жатышат. Эч качан кесип ала турган жогорку билим берүү баасы арзан болбошу керек. ЖОЖдордун мугалимдери мектеп мугалимдериникинен да аз айлык алып калып, кете башташты. Материалдык-техникалык базасы өнүкпөй калды»,- деди министр.