«Жол кырсык, апааттардан алыс болуу үчүн». Ош-Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 29-июлда Ош-Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Ноокат районунун баш имамы Бекназар Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ош-Ноокат жолунда мал союп түлөө өткөрүп, эл-журттун амандыгын тилеп дуба кылышты.

«Бул жылы Ноокат районунун тургундары үчүн тилсиз жоодон улам оор сыноолор келип, көпчүлүктү кайгыга салды. Эзелтен ата-бабаларыбыз мындай учурларда жаратканга дуба кылып, эл-журттун амандыгы үчүн түлөө өткөрүшчү. Биз да Ош-Ноокат жолунда түлөө өткөрүп, жол кырсыгы жана башка апааттардан алыс болуу үчүн дуба кылдык. Аллахым дубаларыбызды кабыл кылсын», – деди баш имам.