Бүгүн, 19-ноябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде жол кырсыктын кесепетинен каза болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова да катышты.
Ал уулу жол кырсыктан каза болгонун айтып, айдоочуларды этият болууга чакырды. «Кырсыктын курмандыктары — жаштар. Биз бүткүл мамлекет жол кырсыктарга каршы турушубуз керек. Ар бир айдоочу жоопкерчиликти сезип, өзү жөнүндө гана ойлонбошу керек»,- деди ал.
Дастан Садыр уулу 2019-жылдын 22-августунда мотоцикл менен бара жатып жол кырсыгына учурап, төрт күндөн кийин эсине келбей Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун реанимация бөлүмүндө көз жумган. Ал 27 жашта эле жана үй-бүлөдө тун бала болгон.