Акыркы учурларда жол тыгындары катталган учурда, жарандар тарабынан эч кимдин уруксаты жок тийиштүү кызматтарды чыкырбастан, өз алдынча жолду жөнгө салып жаткан жарандар көбөйүүдө.
Мындай көрүнүш абдан кооптуу экендигин Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Анткени эч кандай тажрыйбасы жок, көрүнүүчү чыптамасы жок, ышкырыгы жана тийиштүү шаймандары жок жолдун ортосуна чыгып туруп алган жаранды башка унаалардын сүзүп кетүү көркүнүчү абдан жогору.
«Урматуу жарандар, жол чырактар иштебей жол тыгыны пайда болгон учурда, шашып жолго чыга калбастан, сөзсүз 102 кызматына чалып тийиштүү кызматттарга кабар бериңиздер», — дешти.