Жол тескөөчүлөр Төө-Ашуудагы тоннелдин ачылышын күтүп жаткандарга суусундук таратышты

Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү тарабынан Төө-Ашууда жолдун ачылышын күтүп жаткан жарандарга суусундук таратылууда. Бул тууралуу ЖКККБдан билдиришти.

Эске сала кетсек, Ош-Бишкек жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталган. Буга байланыштуу 26-июлдан 6-августка чейин 10 саатка унаа кыймылына чектөө киргизилген.

Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:

Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин,

Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.

Бишкекти көздөй — Бишкек-Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):

Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең менен 05:00дөн-16:00гө чейин,

Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00-16:00гө чейин жабык болот.