Жоламан Шаршенбеков желекти өзгөртүүгө каршы пикирин билдирди

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстандын желегин алмаштырууга каршы чыгып, мындан аркы таймаштарга дагы дал ушул желектин астында чыга турганын билдирди. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

«Мен желекти алмаштырууга каршымын. Алар өзгөртүүгө байланыштуу эч кандай чыгым болбой турганын айтышкан эле. Менде эски желек бар. Жаңысын сатып алууну планымда жок», — деди ал.

Кечээ, 20-декабрда Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда карап, талкуусуз кабыл алган. Анда 59 депутат «макул», 5 депутат «каршы» добуш берди.