SuperTV телеканалынын бул жолку каарманы 5 баланы жалгыз баккан 27 жаштагы келин. Ал балдары менен шаар четиндеги таштанды таштоочу жайдын айланысында жашайт. Балдарынын кенжеси 8 айлык. Ал бул видеодо өз башынан өткөрүп жаткан тагдырын баяндап берди.
«Менин атым Сагира. Талас облусунун Кара-Буура районунан болом. 2013-жылы окууну аяктагам. Аяктаган соң ЖОЖго тапшырдым, бирок бүтпөй турмушка чыгып кеттим. Жолдошум экөөбүз 8 жыл жашадык. Ал арада кайненем менен келишпестик болуп, үйгө барып келген учурлар да болду. Бир жолу кызганып сабаганы эсимден кетпейт. Көгала кылып сабап салган. Ал күндөрдү эстесем эле ыйлайм. Кызым көрүп, «апа ыйлабаңызчы» дейт. Жолдошум жалгыз уул болчу. Конокко барарда жасанып алсам эле «каякка барасың, кимге жагынасың» деп турчу. Ошондон улам жолдошум кызгана берчү. Жалгыз бой эне баласын кызганат деп көп укчумун», — дейт келин.