Жөтөлүп жаткан учурда коронавируска каршы вакцина алса болобу? Дарыгердин жообу

Эгер адамда курч респиратордук оору болуп, козголуп жаткан болсо, вакцинаны жакшы болгондон кийин алыш керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор, пульмонолог Талант Сооронбаев билдирди.

«Оору курчуп турган мезгилинде вакцина алган болбойт. Эгер коронавирус болсо, ооруп айыккандан 3 айдан кийин алса болот»,- деди ал.