ЖРТга каттоо 100 сомго кымбаттады

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо акысы 100 сомго кымбаттады. Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун маалыматы боюнча, негизги жана ар бир предметтин акысы 470 сомду түзөт.

Өткөн жылы катышуучулар ар бирине 370 сомдон төлөшкөн.

Тестке катышуу үчүн катталуу керек. Ал онлайн режиминде жүргүзүлөт. Андыктан каалоочулар жеке кабинетинин ачылышына мүмкүнчүлүк алышы керек. Орто мектепти же орто кесиптик билим берүү уюмун бүтүргөн абитуриенттер окуган жери боюнча, мурунку жылдардагы бүтүрүүчүлөр жашаган жери боюнча райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө катталса болот.