ЖРТнын соңку жыйынтыгы чыкты. Талас «Алтын сертификатка» илинбей калды

Республикалык тестирлөөнүн III этабынын жыйынтыгы боюнча «Алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөрдүн саны өзгөргөн жок. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ЖРТнын акыркы этабы 24-25-июнь күндөрү өттү.

III этапка Бишкек шаары боюнча 795 окуучу, Ош шаарынан 236 окуучу катышкан. Быйыл 57 бүтүрүүчү ЖРТдан жогорку балл алып, “Алтын сертификатка” ээ болушту.

Эң жогорку балл 235 болуп, аны Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Эрлан Көлбаев алды. 231 упай менен 2-орунду Бишкектеги №62 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү Артем Марченко, 228 упай менен Бишкек шаарындагы №28 мектептин бүтүрүүчүсү Кубан Жапаров 3-орунду ээледи.

«Алтын сертификаттардын» саны боюнча:

1-орунда Бишкек шаары — 35;

2-орунда Ош облусу — 7;

3-орунда Ысык-Көл — 5;

4-орунда Чүй — 4;

5-орунда Баткен — 2;

6-орунда Нарын — 2;

7-орунда Жалал-Абад — 1;

Ал эми Талас облусунда бир да бүтүрүүчү «Алтын сертификатка» ээ болгон эмес.

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас облустук билим берүү борборунун жетекчиси Табылды Тилекматов соңку этаптын жыйынтыгына жараша комментарий берилерин айткан.