Ленин РИИБге «102» кызматынан билдирүү түшкөн. Анда 1992-жылы туулган Кайрат кызы Мээрим жумушунан 1984-жылы туулган жолдошу Абдразаков Тимур Каримович менен кеткени айтылган. Милиция эркек киши кызганычтан улам аялын белгисиз жерде кармап турушу мүмкүн экенин билдирди.
Аталган факты Ленин РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Сүрөттөгү жарандарды көргөндөр болсо, 0700 050 505 номуруна чалсаңар болот.