Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Кулатовго чейинки бөлүгү ачылды

Бүгүн, 20-августта «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери аяктагандыгын билдирди.

Бул тилке азыр унаа кыймылы үчүн ачык. «Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин жайгашкан жылуулук тармагынын калган тилкелеринде иштер уланууда жана август айынын аягына чейин бүткөрүлөт», — дешти.