«Жуманазаровадай балбан кыз болсун». Чек арада көз жумган прапорщик Нургазы Боркошовдун кызына Мээрим деген ат коюлду

Баткендеги Тажикстандын кол салуусунан 35 жаштагы УКМКнын Чек Ара кызматынын №2053 аскер бөлүгүнүн кызматкери, прапорщик Боркошов Нургазы Имамалиевич каза болгон. Анын досу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине досу каза болгондон кийин жубайы кыз төрөгөнүн билдирген. 

Бүгүн, 20-сентябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун иниси агасы кызына ат да тандап кеткенин айтты. «Мээрим… Мээрим Жуманазаровадай балбан кыз болсун деп, Мээрим койдук. Кыз чоңоюп, баатыр атасы менен сыймыктанган баатыр кыз болсун»,- деди ал.

Маркумдун артында 2 кыз, 2 уул калды.