Жумгалдагы ата-баланы издөө: Бүгүн 100дөй адам жана 6 дрон тартылды

Жумгал районунда бүгүн, 2-ноябрда таңкы саат 7:20да издөө иштери башталды. ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 30 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 20 адам чыгышты. Жалпы 100 адам 6 дрон менен жеринде издешет.
Издөө иштери жеринде министрдин орун басарынын жетекчилигинде жүрүүдө. Мындан сырткары Токтогул районунда Камбар -Ата ГЭСтеринен Токтогул суу сактагычына чейинки Нарын дарыясынын жээктеринде 8 куткаруучу издөө иштерин жүргүзөт.

16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.