Маданият министрлиги Керимов Дүйшөнбек Касиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын кабарлады. Ал кесипкөй журналист, “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору катары кыргыз тилине жана улуттук баалуулуктарга чын жүрөгү менен берилген инсан болгон.
Дүйшөнбек Керимов 1956-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген.