Журналист Мээрим Сырдырбаева Ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
«Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар 2″ деген иликтөөбүздө көрсөтүлгөн фактылар боюнча кененирээк маалымат берүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына саат 13:00гө чакырылдым», — деп жазды ал.
6-декабрда вакцина алды делген жалган сертификат жасагандар боюнча журналисттик иликтөө чыккан. Анда вакцина сайбастан, жалган сертификат берген төрт факты далилдер менен көрсөтүлүп берилген. Иликтөөдө медицина кызматкерлери гана эмес, катардагы шылуундар дагы вакцина алды делген жалган документтерди жасап, саткандар тууралуу далилдер көрсөтүлгөн. Бул окуя боюнча кызматтык териштирүү башталып, бир нече кызматкер иштен алынган.