Түркияда өндүрүлгөн коронавируска экспресс-тесттер жакында өлкөнүн бардык дарыканаларында сатыла баштайт. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бааны дарыканалар коюшат. Бирок фирманын маалыматы боюнча алар ПЦР-анализдин баасынан бир кыйла төмөн турат. «Экспресс-тесттер коронавирустун антигендерин, анын белокторун аныктайт жана тез аныктоочу тест түрүндө, ага бейтаптын биологиялык материалы сүртүлөт. Изилдөөгө 15 мүнөткө жетпеген убакыт жумшалып, жыйынтыгы 5 мүнөттүн ичинде белгилүү болот», — деп айтылат маалыматта.









