Жүк ташуучу унаа менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочуну 200дөй киши издеп жатат

Бүгүн, 15-август күнү жүк ташуучу унаасы менен Нарын дарыясына түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткан айдоочуну издөөгө 198 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жетектеген 47 куткаруучу 4 дрону менен, куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан ыкчам топ 1 дрону менен, Ак-Талаа райондук №47 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 36 адам, ИИМден 43 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 64 болуп, жалпы 198 адам издеп жатат.

13-август күнү Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган ички чарбалык унаа өтүүчү жыгач көпүрөдөн КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна кулап түшкөн. Унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган эркек киши дайынсыз болуп жатат.