Жыл башынан бери өзгөчө кырдаал учурунда 54 адамдын өмүрү кыйылды

Жыл башынан бери Кыргызстанда 19 өзгөчө кырдаал катталды, мунун кесепетинен 54 адамдын өмүрүн кыйылды жана келтирилген чыгым 1 миллиард 336 миллион сомду түздү. Бул тууралуу жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыктын башчысы Ырысбек Жолдошбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал коомчулукка кайрылып, тыюу салынган жерлерде сууга түшпөөгө, өрттүн келип чыгуусуна жол бербөөгө, айрыкча кичинекей балдарга карата көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды. Акыркы убакта адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарынын көп катталып жатканын айткан жетекчи айдоочуларды сак болууга жана жол эрежелерин толук сактоону өтүндү.