Жүргүнчүлөр айдоочулардан 2 сомдон беткап сатып ала алат

Борбор калаанын коомдук унааларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлдү, беткап кийүү жана колду тазалоо милдеттүү. Айдоочулар беткап кийишет, ал эми беткапсыз жүргүнчүлөр айдоочулардан 2 сомго беткап сатып ала алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Муниципалдык автобустарда жана троллейбустарда санитардык текшерүүлөр күн сайын жүргүзүлүп турат, акыркы пункттарда транспорттук кабиналар системалуу түрдө желдетилип, нымдуу тазалоо иштери болуп турат. Эми ар бир жүргүнчү айдоочулардан беткапты 2 сомдон сатып алса болот.