«Жүрөк «ыйлайт». Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы жатак-мектептин абалына кейиди (видео)

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак-мектебине барды.

«Абал чатак, окумак тургай турганга болбойт. Ошондуктан жаңы курабыз. 100 бала жатып-окуй турган, эң алдынкы технологиялар менен жатак-мектеп курабыз», — деди ал.