Качып жүргөн Данияр Үсөнов Стамбулда уулунун үлпөт тоюна катышты (видео)

Август айынын аягында Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулдарынын биринин тою болуп өттү. Урмат менен Юлиянын үйлөнүү тою Түркиянын Стамбул шаарында өткөн. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты. 

Жарыяланган сүрөттөргө караганда, Данияр Үсөнов тойдо болгон. Уулу Урмат «Монгол Груп» компаниясынын негиздөөчүсү. Юлия хореограф болуп иштейт.

Данияр Үсөнов 2010-жылы апрелде Апрель революциясынан кийин Кыргызстандан качып кеткен. Кийинчерээк ал Беларустун жаранынын паспортун Даниил Урицкий деген ат менен алганы белгилүү болгон.