Кадамжайда 11-класстын окуучусу өз жанын кыйды. Ал үйдө жалгыз болгон

Кадамжайда 11-класстын окуучусу атасы Ошко дарыланууга кеткенден кийин жанын кыйган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.

Кадамжай районунун Марказ айылынын 16 жаштагы тургуну кечээ, 2-май күнү саат 17:40 чамасында өзүнүн жашаган үйүнүн короосунда асынып каза болгондугу боюнча Кадамжай РИИБне маалымат келип түшкөн. Аталган жерге Кадамжай РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, 11-класстын окуучусу үйүндө жалгыз калып, өзүнүн мал сарайына кирип, өзүн-өзү асып каза болгону аныкталган. Бул факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталды. Каза болгон мектеп окуучусунун атасы Ош шаарында дарыланып жаткан, ал эми апасы Орусияда эмгектени маалым болду.