Кадамжайда 5 адам консервадан ууланган. Үчөөнүн абалы оор

Баткен облусунун Кадамжай районунда тамак-ашка уулануу катталып, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

Жабыркагандардын баары Кадамжай медициналык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 3 жабырлануучунун абалы өтө оор, алар жасалма дем алдыруучу аппаратта.

Жабыркагандардан лабораториялык текшерүү үчүн клиникалык материалдар алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, 21-ноябрда жабырлануучулар үй шартында консерваланган жашылчаларды (курамы: помидор, капуста, бадыраң, калемпир) колдонушкан.