Кадамжайда бир үй-бүлөдөн 6 адам жансыз абалда табылды. Алар иске ууланган болушу мүмкүн
29-декабрга караган түнү Баткен облусунун Кадамжай районунда бир үй-бүлөдөн 6 адам жансыз абалда табылды. Алар иске ууланган болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.
Жазылган маалыматка караганда, каза болгондор жубайлар жана алардын 4 баласы болгон.