Кадамжайда бир үй-бүлөдөн 6 адам жансыз абалда табылды. Алар иске ууланган болушу мүмкүн

29-декабрга караган түнү Баткен облусунун Кадамжай районунда бир үй-бүлөдөн 6 адам жансыз абалда табылды. Алар иске ууланган болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Жазылган маалыматка караганда, каза болгондор жубайлар жана алардын 4 баласы болгон.