Кадамжайда дайынсыз болуп жаткан 2 өспүрүм автобекеттен табылды

Кадамжайда дайынсыз болуп жаткан эки өспүрүм аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Өрүкзар айылынын 12 жана 13 жаштагы эки өспүрүм курактагы жашоочулары 2-декабрь күнү үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Бул факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, издөө иштери жүргүзүлгөн.

Изделип жаткан эки өспүрүм Кадамжай шаарындагы автобекеттен аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүп берилди. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.