Кадамжайда кызматкерлер менчик үйлөрдүн жылыткычтарын пломбалап жатышат (сүрөт)

Кадамжайда райондук электр тармактарынын кызматкерлери менчик үйлөрдүн жылыткычтарын пломбалап жатышат. Бул тууралуу соцтармак колдонуучусу жазып чыкты.

«Кадамжайда үйлөргө кирип, мына ушундай кылып пломба басып, электр мешке тыюу салып, «газга же көмүргө өткүлө» деп жатышыптыр. Балалуу үй-бүлө суукта электр жылыткычы жок түнү менен көмүр жагып чыгыш керекпи эми? Көмүрдүн баасы асманда болуп жатса, бир кышка 1 тонна көмүр алып, калганын ток менен чыккандарга оңой болбойт го», — деп жазды ал.