Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыз. Шектүүлөр камакта калтырылды

Кадамжайдагы 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Кадамжай райондук соту чыгарган.

Кечээ, 5-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы кыздын киши колдуу болгону маалым болгон. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектелип 3 адам кармалды.