Кадамжайда сабалган 2 жаштагы кыз үй-бүлөлүк тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды

Кадамжай районунда ур-токмокко алынган 2 жаштагы кыздын болгон окуясы боюнча Эмгек министрлиги тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

«30-январда Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иши боюнча комиссияда каралып, балдарды коопсуз жайга жайгаштыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Совет айыл аймагында жайгашкан “Кут кадам” үй-бүлө тибиндеги үйүнө жайгаштырылды. Ошондой эле, Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалык тарабынан аялдын үч баласына “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу чегерилип, айына 3 600 сом алып келет»,- деп айтылат маалыматта.

30-январда социалдык тармактарда баланы сабап жаткан аялдын видеосу тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден маалымат беришип, кыздын апасы тарабынан сабалганын айтышты.

  • 27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
  • 2020-жылдын март айында Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну менен жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында кыздуу болушкан, 2023-жылдын январь айынын баш чендеринде экөө өз ара келише албай ортолорундагы келишпестиктен алар чогуу жашабай калышкан. Ошол себептен аял 5-январда өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.