Баткенде 2 жашка толо элек кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
- 27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну 2021-жылы туулган кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. 2020-жылдын март айында Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну менен жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында кыздуу болушкан, 2023-жылдын январь айынын баш чендеринде экөө өз ара келише албай ортолорундагы келишпестиктен алар чогуу жашабай калышкан. Ошол себептен аял 5-январда өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.
«Кактус» сайты кыздын атасы менен сүйлөшкөндө кызы 1 жаш 10 айлык экенин, келин экөө 3 жылдан бери чогуу жашарын айткан. «Менин эки үй-бүлөм бар. 5-январда экинчи аялым мага видео жана аудио жөнөттү. Анда кызымды сабап жатканы айтылып, тартылган экен», — деген ал.
Ал буга чейин кызды ага таштап кетишкенин, бирок 3 күндөн кийин апасы кайра алып кеткенин айткан. «Анын 3 никесинен 3 кызы бар. Аларды сабайт, менин кызымды көбүнчө сабайт», — деди. Ал милицияга кайрылганын, кызын сот аркылуу алганы жатканын айткан. «Мен ага жардам берүү максатында үйлөнгөм. Бизди таанышыбыз тааныштырган. Ал жакшы келин экенин айткан. Биз үй салдык, бирок анын апасы ишибизге кийлигише берип, уруша берчүбүз», — деген ал.