Кадамжайдагы «Алмаз» тойканасынан уулангандардын саны 122ге жетти

Бүгүн, 4-августка карата Кадамжайдагы «Алмаз» тойканасынан уулангандардын саны 122ге жетти. Бул тууралуу Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө ишканасынан маалымдашты.

«122 ууланган адамдын арасынан 43 жабырлануучу Кадамжайда, 2 адам Айдаркенде ооруканада дарыланышууда. Калган 77 (арасында 1 бала) үйүндө, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ууланган адамдардын арасынан үчөө 14 жашка жете электер. 

Лабораториялык изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарына ылайык, бышырылган эт, тоок грилинен Proteus vulgaris аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

Эске алсак, 30-июлда Кадамжайда «Алмаз» тойканасында үйлөнүү той өтүп, 250 адам конок болгон. 31-июлдан тартып жабырлануучулар уулануунун белгилери менен ооруканага кайрылып башташкан.