Кадамжайдагы селден үйү жабыркаган 75 жаранга үй салуу үчүн жер тилкеси бөлүп берилди

Бүгүн, 8-октябрда Кадамжай районунун Бүргөндү айылынын Дюкр участогунда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасынын негизинде Кадамжай районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтү тарабынан быйылкы жай айларында жаратылыш кырсыктарынан үйлөрү жабыркаган 75 жаранга турак жай салуу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус башчысынын көзөмөлүнүн астында үч райондун элин бир участкага жайгаштырып, жаңы Ынтымак айылы түптөлө башталды. Турак жай салуу үчүн жер тилкесин алып жаткан 75 жаран Баткен районунун жана Лейлек районунун тургундары жашаганга кооптуу делген аймактардан келишкен. ӨКМ кызматы тарабынан көчүрүү чечими чыккан. Жалпысынан Дюкр участкасында башкы планы даяр, бүгүнкү күндө 1500дөн ашык адамга турак жай үчүн жер берилген. Сел кесепетинен жабыр тартып, бүгүн турак жайга ээ болгон жарандар облус башчысы баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык айтып, батасын беришти.