«Күйөөм кайнак суу куюп, сабачу». Түркияда кыргызстандык келин 3 кызы менен көчөдө калды

Анталияда кыргызстандык 28 жаштагы Айнура Рыскелдиеваны күйөөсү үч баласы менен көчөгө кууп чыкты. Бул тууралуу Түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал 2013-жылы Түркияга бала багуучу болуп иштөө үчүн барып, болочоктогу жолдошу менен таанышып калган. Алар чогуу 5 жыл жашап, 3 кыздуу болушкан. Келиндин айтымында, акыркы 2,5 жылда жолдошу көзүнө чөп сала баштаган. Үй-бүлөдө уруш чыгып, аны көчөгө кубалап салган.

«Кайнак суу куюп, сабачу. Анан бизди көчөгө кууп чыкты. Милицияга кайрылдым, бирок менде өлкөдө жашоого уруксаат кагазы жок болгондуктан арыз бере албадым. Бирок балдардын документтери баары жайында. Алар Түркиянын жарандары. Бирок балдарымды менден тартып алышабы деп корком», — дейт Айнура Рыскелдиева.

Ошол эле учурда келин мекенинде жардам бере турган жакын туугандары жок экенин белгилеген.