Соцтармакта көгала болуп сабалган келинди колдоо максатында «Кош көңүл кала алган жокмун!» деп өз пикири менен бөлүшүп жаткан аялдар көбөйүүдө. Андагы маалыматтарга ылайык, келинди күйөөсү сабап, кайнежеси менен чырдашып жатканы айтылат.
Келин өзү баракчасына жолдошу менен 14-февраль күнү ортосунда чыр чыкканын, экөө тең алкоголдук ичимдик ичкенин жазган. Анын айтымында, күйөөсү сабагандан кийин, таңкы 04:20да агасын чакырып такси менен ата-энесинин үйүнө кеткен. Эртең менен келин үйүнө жакындары менен келсе, киргизбей жатышканын, кайын журту жолдошунун кол көтөрүүсүнө келин жеткиргенин, мас абалда болгондуктан өзү кулап түшкөнүн айтышкан. Келин кайненесинен, кайнежелеринен да жеме угуп жатканын кошумчалаган.