«Кайненем мени өлүп калсын деп, окутуп салган экен» дейт 37 жаштагы келин

SUPERTV’нын бул жолку каарманы Гүлчехра Уролова. Ал 37 жашта. Турмушка 30 жашында чыккан. Турмушка чыккан соң жолдошу ага чейин 5 аял алып, кетиргенин билген эмес. «Мен алдаганды билбесем эле, башкаларды да алдайт деп ойлобоптурмун» деген келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын, бирок балдары атасыз өспөсүн деп, үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылганын айтат.

Жолдошу экөө үйлөнөрдө мурдагы турмушу болой калганын, андан 1 уулу бар экенин айткан. Ал эми каарманыбызга кайненеси «төрөбө» деген талап койгон. Бирок ал учурда 3 баланы тарбиялап келет. Жолдошу болсо, мындан 2 ай мурда унчукпастан балдарын таштап кеткен.

«Кайненем жолдошум жокто жакшы эле отурат. Анан эле ал келгенде «аялың чай берген жок», «тамак берген жок» деген сөздөрдү айтып уруштурат. Анда 2-кызым боюмда бар болчу. Ооруп дубалды кармап эшикке чыкчумун. Көрсө мени өлүп калсын деп, окутуп салган экен. Кайра үйгө кирип келе жатканымды кайненем байкаган жок, телефондон сүйлөшүп жатып, көзү ачыкка «баарын сен айткандай кылып жатам» деп жатты. Ошону уккан соң, сак боло баштадым. Айыкканда эле көзү ачыкка кайра чалчу», — дейт ал.